mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын жана Жалал-Абад облустарына жасаган иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун эли менен жолугушту

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын жана Жалал-Абад облустарына жасаган иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун эли менен жолугушуп, аймакта аткарылган иштер туурасында кыскача маалымат берди.

Бүгүнкү күндө Тогуз-Торонун жол көйгөйүн чечип, калктын жашоо шартын жана деңгээлин жакшыртуу максатында алгылыктуу иштер аткарылды. Алсак, Т. Жээналиев көчөсүнө асфальт төшөлүп, Киров-Өрнөк-Дөдөмөл жолу жасалып, Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 3 чакырымы асфальтталды.

Ошондой эле, жергиликтүү элдин жумушун жеңилдетип, алыскы аймактарга барчуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында «Казарман» аэропортунун перрондору оңдолуп, учуу-конуу тилкеси асфальтталды.

Министр Тилек Текебаев соңку жылдары мамлекет жетекчилигин колдоосу менен жергиликтүү маанидеги жолдор менен катар эл аралык талаптарга жооп берген трассаларды курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп өттү.

Быйыл жылдын аягына чейин республика боюнча 619 чакырым жолго асфальт төшөө иштери пландаштырылып, өлкө казынасынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен 398 чакырым жолго, инвестициялык долбоорлор боюнча 171 чакырымга асфальт төшөлдү. Ошондой эле, Нарын шаарынын ички көчөлөрүн жана жети дубандагы аэропорттордун учуу-конуу тилкелерин ондоо иштери жүрдү. Жалпысынан республика боюнча бүгүнкү күнгө 633 чакырым жолго жаңы асфальт төшөлүп, план ашыгы менен аткарылды.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы