mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кореянын жарандык инженерия жана курулуш технологиясы институтунун өкүлдөрү менен жолукту

Жолугушууга ошондой эле министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бекжан Рысмендеев, ведомствонун жооптуу кызматкерлери жана SEO JIN Engineering & System Co., LTD компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Министр Тилек Текебаев Кыргызстан эгемендикти алган мезгилден бери Корея өлкөсү менен көп тармакта тыгыз байланышта иштеп келерин билдирди. Анын ичинде жол-транспорт тармагында жасалган иштерге токтолуп, бул жаатта кызматташтыкты дагы да улантууга чоң маани берерин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрликке караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу багытында Корея мамлекети тарабынан жактырылган “Жол куруу техникаларын берүү” долбоору талкууланып, техникалык-экономикалык негиздемесин тездетүү сунушу айтылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы