mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев “Кербен” аэропортуна барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында “Кербен” аэропортуна барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Мында аба майдандын учуу-конуу тилкесин оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күндө аң-чөнөктөрдү толтуруу, жолдо жаралган жаракаларды жамоо жумуштары ортодон ооп калды.

Жеринде иштеп жаткан жолчулар менен баарлашкан ведомство жетекчиси Тилек Текебаев бардык жумуштарды өз убагынан кечиктирбей бүткөрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, алдыда “Кербен” аэропорту ишке кирсе, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору, Таш-Көмүр сыңдуу шаарларда жашаган жүз миңдеген тургундар үчүн аба каттамы ачылып, жергиликтүү элдин жумушу жеңилдеп, алыскы аймактарга барчуларга ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы