mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кара-Көл өткөрмө постуна күтүүсүз барып, текшерүүгө алды

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кара-Көл өткөрмө постуна күтүүсүз барып, текшерүүгө алды.
Анда постто иштеп, төлөмдөрдү кабыл алып жаткан кызматкерлердин ишине көз салып, өткөрмө жайдын абалы менен таанышып чыкты.
Талап кылуудан мурда кызматкерлерге тиешелүү шарт түзүү керектигин белгилеп, жетекчилерге ысык-суукка карабай иштеп жүргөн кызматкерлердын ыңгайын карап, шарт түзүп берүүнү, тегерек четти ирээттеп, жаралган майда маселелерди тез арада чечүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, Кара-Көл посттуна видеобайкоо камералары орнотулгандан тарта төлөм чогултуунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 45% өстү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы