mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолукту

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ислам өнүктүрүү банкынын Алматы аймактык кеңсесинин башчысы Ибрагим Шукри жана камсыздандыруу операциялары боюнча менеджери Али Хан мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты. Азыркы тапта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуусу өз нугунда уланууда. Учурда «Ысык-Көл айланма унаа жолунун 104-184,5-чакырымын реконструкциялоо» долбоору ишке ашырылып жатат. Анын наркы 20 млн. АКШ долларын түзөт.

Мындан тышкары, Ислам өнүктүрүү банкынын кредиттик каражаттарына «Суусамыр-Талас-Тараз, Фаза IV, жолдун 105-198-чакырымын реконструкциялоо» долбоорун ишке ашыруу күтүлүүдө, ал боюнча азыркы учурда кредиттик макулдашууга жана техникалык гранттык жардам макулдашуусуна кол коюуга даярдык иштери жүрүп жатат. Суммасы 50,2 млн АКШ долларын түзөт.

Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык кеңсесинин башчысы Ибрагим Шукри жылуу кабыл алгандыгы үчүн министрге ыраазычылыгын билдирди. Эң башкысы алар үчүн — жолдорду реконструкциялоо иштерин сапаттуу, жогорку деңгээлде аткаруу жана ИӨБдүн долбоорлорун ишке ашыруу тобунун кызматкерлерин семинарлар жана тренингдер түрүндө окутуу экендигин белгиледи.


КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы