mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Армениянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Армен Гевондян менен жолукту

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Армениянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Армен Гевондян менен жолукту.

Ведомство жетекчиси алгач жыл башында дайындалып, иштеп жаткан Элчини кызмат орду менен куттуктап, дипломатиялык ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Тилек Текебаев быйыл өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун белгилеп, бекемделип, калыптанган кызматташтыкты министр катары мындан ары өнүктүрүүгө өз салымын кошорун белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Элчи белгилегендей, 2022-жылы мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүү 6 млн.АКШ долларын түзсө, 2023-жылдын 7 айында эле товар жүгүртүү дээрлик эки эсеге өсүп, 12 млн. АКШ долларын түзгөн.

Буга байланыштуу Армениянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө чакырып, Транспорт жана коммуникациялар министрин өзүнө ыңгайлуу учурда Ереван шаарына Армениянын Транспорт министри менен жолугушуу үчүн келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү багытта жана ишенимдүү жагдайда өткөн позитивдүү жолугушуу үчүн бири-бирине ыраазычылык билдиришти.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы