mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникация министрлигинин кызматкерлерине эмдөө жүргүзүлүп жатат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын катышуусунда өткөн Республикалык оперативдик штабдын акыркы отурумунда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дары-дармектин жеңилдетилген программаларын ишке ашыруу жана эмдөөнүн жүрүшү талкууланды. Жолугушууда Жылдыз Бакашова калкты эмдөө менен камтууну жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Тактап айтканда «Биз эмдөөлөрдүн ылдамдыгын жогорулатышыбыз керек. Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери калкты эмдөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлгө алып, вакцинациянын маанилүүлүгү жөнүндө жарандар менен тыгыз иштешип түшүндүрүү иштерин сапаттуу жүргүзүүсү керек », — деди ал. Штабдын отурумунан кийин мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына, анын ичинде мамлекеттик органдардын башчыларына, министрлер кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине ишти тезинен уюштуруп эмдөөгө медициналык каршы көрсөтмөсү жок борбордук жана ведомстволук бөлүмдөрдүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин милдеттүү түрдө эмдөө керек экени тапшырылды.

2021-жылдын 26-июлунда КР ТжКМнин кызматкерлерине эмдөө жүргүзүлүп жатат. Бул жерге эмдөө үчүн №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери келишти. Түшкө чейин министрликтин кызматкерлеринин бир бөлүгү эмдөөдөн өтүп, учурда дагы деле уланууда.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы