mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт департаменти тарабынан транспорт каражатынын кыймылын мажбурлап токтотуу үчүн блокираторлор сатылып алынды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти салынган жолдордун сакталышын камсыздоо жана аларды талкалоого жол бербөө, ошондой эле чет элдик автоташуучулардын уруксатсыз эл аралык ташууларына бөгөт коюу боюнча күчөтүлгөн текшерүү иштерин үзгүлтүксүз улантып жатканын билдирет.

Аталган мыйзам бузууларга жол бербөө максатта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” 2017-жылдын 4-апрелиндеги №202-токтомунун  негизинде  Транспорт департаменти тарабынан мыйзам бузган айдоочулардын транспорт каражатынын кыймылын мажбурлап токтотуу үчүн дөңгөлөктөрдү блокираторлоо жабдыктары сатылып алынды.

Транспорт департаменти  Транспорт көзөмөл пунктарында  КРнын Укук бузуулар кодексинин ченемдерине ылайык дөңгөлөк блокираторлорун колдонуп,  автоунаа менен жүк жана жүргүнчү ташууларда  мыйзам бузууларды жана ашык жүк жүктөп жолдорго келтирилген зыяндарды азайтуу мүмкүнчүлүгү түзүлөөрүн белгилейт жана айдоочуларды тарип бузбоого чакырат.