mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт департаменти ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгыларын эскертет

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында көзөмөл көчөтүлүп, текшерүү иштери үзгүлтүксүз уланып жатканын билдирет.

Алсак, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда жайгашып, быйыл 25-апрелде ишке киргизилген “Дыйкан” транспорттук көзөмөл пунктунда бүгүнкү күнгө чейин тартип бузган айдоочуларга 731 миң сомго айып пул жана жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу жыйымы салынган. Күнү-түнү иштеген пункттун жанында атайын автоунааларды токтотуучу жай да уюштурулуп, белгиленген ченемден ашык жүк жүктөгөн айдоочулардын андан ары жүрүүсүнө тыюу салынууда.

Мындан тышкары, айдоочулар ашыкча жүк жүктөп чыккан мекеме-ишканалардын ээлерине атайын эскертме кагаздар берилип жатат.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга (жеке жактарга) 17500 сом, юридикалык жактарга 55000 сом айып пул салынат.

Транспорт департаменти өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу аркылуу азыркы учурда кара алтын ташып жаткан айдоочуларды жана тиешелүү мекеме-ишканаларды жолдун талкаланышына жол бербөө максатында мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Ошондой эле транспорттук көзөмөл бардык аймактык башкармалыктар тарабынан күчөтүлүп, текшерүү иштери үзгүлтүксүз уланып жатканын билдирет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы