mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өтмөк ашуусунун жолу асфальтталууда

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунун жолу асфальтталууда. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №36 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштеп жатышат.

Жолдун 5 чакырым тилкесине асфальт жаткыруу жумуштары күн мурун башталган. Учурда 10 атайын техника жана 20дай жолчу иштеп жатат.

Негизинен асфальт төшөө иштери бир айга пландаштырылган. Бирок аба ырайы жакшы болуп, каржылоо үзгүлтүккө учурабаса жумуштар 2 жуманын ичинде жыйынтыкталат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы