mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өтмөк ашуусунда жер жумуштары жүрүп жатат

Өтмөк ашуусунда асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөө иштери башталат. 2022-жылга Талас районундагы жол жана жол курулуштарын оңдоо объектилеринин планында (титулдук тизмеде) №3 райондук башкармалыгы (РБ) тарабынан Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун 0-52-чакырымына чейинки аралыкта тейлөө иштери каралган. КОР долбоорунун — 73600,0 миң сомго натыйжаларга багытталган контракты.
Бүгүнкү күндө аталган тилкеде №36 ЖТМ 0 чакырымдан 52 чакырымга чейинки аралыкта 7981,0 миң сомдук кышкы оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, №6, №19, №36, №47 ЖТМ жана №48 ЖТМ тарабынан жолду жамоо аппараты боюнча 4416 м2, 11318,0 миң сом көлөмүндө иштер аткарылган. анын ичинен 0дөн 28 кмге чейинки көлөмү 4352 м2 жана 28ден 52 кмге чейин пропитка ыкмасы менен 64 м2 көлөмдө асфальт-бетон төшөлгөн.
Мындан тышкары 34-чакырымдан 46-чакырымга чейинки (6,5 км) тилкеде 12225,0 миң сомго асфальт-бетон төшөлмөсүн фрезерлөө иштери жүргүзүлдү.
Жалпысынан аткарылган иштердин көлөмү 31524,0 миң сомду түзөт.
Бүгүнкү күндө 0 кмден 52 кмге чейинки тилкеде 11,6 км узундуктагы асфальт-бетон төшөлмөсүн даярдоо пландаштырылууда, анын ичинен 0 кмден 28 кмге чейин эң көп бузулган тилке болуп эсептелет.
2022-жылдын 30-июнунда «Кыргызавтожол» Мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын директору Р.К.Осмоналиев узундугу 11,6 км болгон асфаль-бетон төшөлмөсүн монтаждоо үчүн жол курулуш техникаларын тартуу максатында ЖЧКнын директору менен кеңешме өткөрдү. «ДСК Бишкек» Шангарыев Р.А. менен асфальт-бетон төшөө боюнча келишим түзүлдү, тактап айтканда, «ДСК Бишкек» ЖЧКсынын жол курулуш техникасын 4 даанага ижарага алуу, анын ичинде – 1 асфальт төшөөчү, 1 ролик, 1 пневматикалык ролик, 1 трал.
Келишимдин негизинде «ДСК Бишкек» ЖЧКсы жол куруучу техникаларды, операторлорду жана жумушчуларды лизингге алып, ошондой эле, акысын төлөп берүүгө милдеттүү. «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын жоопкерчилигине асфальт төшөө (тазалоо), күйүүчү-майлоочу майлар жана асфальт-бетон аралашмасы менен камсыз кылуу үчүн жол тилкелерин даярдоо кирет.
Бүгүнкү күндө Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусуна № 6 ЖТМнин грейдери тартылып, жер иштетүү иштери башталды.
2022-жылдын 2-3-июлунда «ДСК Бишкек» ЖЧКсы аянтка кошумча жол куруу техникасын ташыйт.
2022-жылдын 4-июлунан 5-июлуна чейин «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Талас филиалы «ДСК Бишкек» ЖЧКсы менен биргеликте асфальт-бетон төшөөнү баштоону пландаштырууда.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы