mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өтмөк ашуусуна 30 см калың жааган кардын кесепетинен 9 саат тыгын пайда болгон

Үстүбуздөгү жылдын 10-октябрь күнү Өтмөк ашуусуна 30 см калың жааган кардын кесепетинен түшкү 13:00дөн баштап кечки  21:00 го чейин 10-15 минутага созулган тыгындар болуп турду. Буга оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын ашыкча салмагы жана жеңил унаалардын жайкы дөңгөлөктөрү менен жолго чыгышы себеп болгон. Кырдаалды жөнгө салуу максатында  №36 ЖТМнин жетекчилиги менен 36 кызматкери, РО 3, Талас облустук ӨКМ, МИА кызматкерлери оперативдүү иш алып барышты. Жоопкерчиликсиз мамиле жасаган айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүү аракеттери жасалбаса мындай көрүнүштөрдү болтурбоо кыйынга турууда.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы