mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тилек Текебаев өзгөчө кырдаал болгон  учурда  кызматкерлердин даярдыгын  бекемдөө боюнча чукул жыйын өткөрдү

Бүгүн, 23-январда КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев өзгөчө кырдаал болгон  учурда  кызматкерлердин даярдыгын  бекемдөө боюнча чукул жыйын өткөрдү. Ага министрдин орун басарлары, министрликтин борбордук аппаратынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жана секторлорунун башчылары, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана ведомстволорго караштуу уюмдардын жетекчилери катышышты.

Кеңешмеде атайын жана мобилизациялык иштер секторунун өкүлдөрү ыкчам кеңешменин катышуучуларына жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда Жарандык коргонуу транспорт кызматынын иш-аракеттерин дагы бир жолу эскертип өтүштү.

Белгилүү болгондой, Өзгөчө кырдаал болгон учурда транспорт кызматы атайын техникаларды тартуу менен жол тармагын колдоого жана оңдоого, ошондой эле райондордон калкты эвакуациялап, коопсуз жерлерге көчүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш.

Өткөн жылы  министрлик тарабынан 3-октябрда жыл сайын белгиленүүчү “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу кунүнө карата” өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча атайын иш-чара өткөрүлгөн. Ошондой эле Транспорт министрлиги жер титирөө коркунучу пайда болгон учурдагы кызматкерлердин иш-аракеттерин иштеп чыккан.

Кеңешменин жыйынтыгында Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар болгон учурда транспорт кызматынын кызматкерлерине атайын техникаларды тартуу менен жол тармагын колдоо жана оңдоо, өзгөчө кырдаал мүмкүн болгон аймактардан калкты коопсуз жайларга көчүрүү боюнча иш-аракеттерге даяр болууну тапшырды.