mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тилек Текебаевдин Япония мамлекетинин Токио шаарына болгон иш сапары аяктады

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 2023-жылдын 27-октябрынан l-ноябрына чейин Япония мамлекетинин Токио шаарына иш сапары менен барды. Белгилей кетсек, Япония Кыргызстандын жакын досу жана узак мөөнөттүү өнөктөшү. 30 жыл аралыгында Япония өкмөтүнүн жардамы менен жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталган бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашууда.

Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

  • “Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо”
  • “Бишкек-Ош унаа жолун кар көчкүлөрдөн коргоо”
  • «Эл аралык маанидеги магистралдык жолдорду жакшыртуу»
  • «Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол кыртышын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу» долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырууну көздөп жатат.

Т. Текебаевдин Японияга болгон иш сапарынын максаты   “KATAHIRA & Engineers International” компаниясынын тендердик соодалашуу тууралуу чакыруусуна катышуу, ошондой эле Япония мамлекетинин эл аралык кызматташтык агенттиги каржылаган «Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол кыртышын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруунун алкагында келишимге кол коюу жана макулдашуу болуп саналат.

Т. Текебаев иш сапардын алкагында JICA агенттигинин штаб-квартирасына барып, Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында жайгашкан кар көчкүгө каршы Кыргыз-Япон «Достук” галереясын курууга кошкон көмөгү үчүн аларга терең ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле ал өнөктөштөрүбүзгө «Салмак-габариттик көзөмөлдөөнүн маалыматтык системасын» киргизүүнү каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. 23,5 млн АКШ доллары керектеле турган бул долбоор көзөмөлдү күчөтүп, коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга, айдоочулардын инспекторлор менен жекеме-жеке байланышын үзүүгө жакшы мүмкүндүк берет.

Жол коопсуздугун камсыз кылуу негизги маселе катары каралып келе жаткандыктан Т. Текебаев эл аралык автомагистралдарда транзиттик ташуу учурунда айдоочунун атайын бөлүнгөн жерде эс алуу мүмкүнчүлүгү болушу үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен Rest-Point туристтик имараттарды куруу долбоору ишке ашып жатканын белгилеп, идеяны Япониянын «Мичи-но Эки» концепциясын Кыргызстанга киргизүү аркылуу ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Бул концепция аймактардын өнүгүшүнө салым кошуу менен жергиликтүү өндүрүүчүлөргө, фермерлерге жана башка ишкерлерге өз продукциясын сатууга жана өз брендин түзүүгө жакшы шарттарды түзөт.