mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тилек Текебаев Шанхай кызматташтык уюмунун Эл аралык иштиктүү кеңешинин башкармалыгынын төрагасы Трибхуван Дарбари мырза менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө Трибхуван Дарбари мырза темир жол вагондорун жана темир жол транспортунда жарык белги берүүчү жабдууларды өндүрүү жана жеткирүү, ошондой эле автомагистралдык жолдорду, тоннелдерди жана көпүрөлөрдү куруу менен алектенген Adventz компаниялар тобунун ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача маалымат берди.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Т. Текебаевди  Adventz компаниялар тобунун 5 заводунун продукциялары менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу үчүн каалаган убакта Индияга келип кетүүгө чакырды.

Сөз кезегинде министр Тилек Текебаев  Трибхуван Дарбари мырза  сунуштаган кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи жана эл аралык маанидеги автожолдордун, ошондой эле Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан, Кара-Кече – Жалал-Абад жана Турксиб-Каракол темир жол долбоорлорунун учурдагы абалы жана андан ары куруу боюнча биринчи кезектеги пландары тууралуу кыскача маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар  каралган маселелер боюнча конкреттүү коммерциялык сунуштарды иштеп чыгуусунун жыйынтыктары боюнча  сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү макулдашышты.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы