mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тилек Текебаев Пакистандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хасан Али Заигамды кабыл алды

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Пакистандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хасан Али Заигам, Пакистан Улуттук логистикалык корпорациясынын башкы директору (NLC) Фаррух Шахзад Рао, пландоо бөлүмүнүн директору Мухаммад Юсуф, кеңешчиси Шаммас Ур Рехманды кабыл алды.

Тилек Текебаев келген  конокторду жылуу тосуп алып, “Сизди кайрадан биздин министрликте жана Пакистан улуттук логистикалык корпорациясынын башкы директору Фаррух мырзаны көрүп жатканыма кубанычтамын.  Кош келиңиздер. Бүгүнкү жолугушуубузга Пакистан улуттук логистикалык корпорациясынын Кыргызстанга болгон визити себеп болду. Учурдан пайдаланып Фаррух мырзага визит учурунда убакыт бөлүп, биздин министрликке келгендиги үчүн ыразычылык билдирем”,-деди

Сөз кезегинде  Хасан Али Заигам  Пакистандын Карачи шаары Кыргызстан үчүн эң жакын деңиз порту болуп саналарын жана жүк ташуу тармагында биздин өлкө менен кызматташтыкты жандандырууну кааларын, ошондой эле  Карачи—Кашгар—Бишкек транспорттук коридорун (Каракорум шоссеси) жыл бою иштөө режимине которуу боюнча иш максаттарын жана жакынкы күндөрү Бишкекке транзиттик жүк ташуучу биринчи автоколоннанын келиши пландаштырылып жатканын белгиледи.

Т. Текебаев  Карачи менен Бишкектин ортосунда үзгүлтүксүз автомобилдик ташуулардын жана альтернативдүү каттамдардын ачылышын баштоо сунушун колдоорун билдирди.

Мындан тышкары Т. Текебаев   атайын комиссия түзүүнү, ишти алдыга жылдыруу жана эл аралык жүк ташуу келишимдерин анализдеп чыгуу боюнча  тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.