mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тилек Текебаев Евразия экономикалык комиссиясынын «Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн» төш белгиси менен сыйланды

25-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев автотранспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады жана өз сөзүндө финансы экономиканын жүрөгү болсо, жолдор экономиканын кан тамыры деген ой пикирлерин белгиледи.

Бул иш-чарада Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өлкө аймактарындагы транспорт потенциалын жана инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү натыйжалуу иштери, ЕЭБдин алдында турган транспорт жана инфраструктура маселелери боюнча милдеттерди чечүүгө, транспорт чөйрөсүндө евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн, Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев  Евразия экономикалык комиссиясынын «Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн» төш белгиси, ал эми Евразия экономикалык комиссиясынын Ардак грамотасы менен  Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев сыйланды.

А. Кожошев  КРдин  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алгылыктуу иштерин баса белгилеп, бардык кызматкерлердин иштерине албан-албан ийгиликтерди   каалады.