mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тилек Текебаев Экономикалык кызматташтык уюмунун кезектеги эл аралык транспорт форумуна катышты

Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү Исламабад шаарында Измир келишимине кошумча кол коюп, Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) кошулганына 30 жыл болду.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Экономикалык кызматташтык уюмунун кезектеги эл аралык транспорт форумуна катышуу үчүн, 2023-жылдын l-ноябрынан 5-ноябрына  чейин Өзбекстан республикасынын Ташкент шаарына иш сапары менен барды.

Кыргызстан үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору өзгөчө маанилүү, анткени ал уюмга кирген өлкөлөрдүн тыгыз кызматташуусуна жана экономикалык жактан өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Аны менен катар дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу, ЭКУ аймагында автомобиль транспорту менен эл аралык транзиттик жүк ташуунун ролу өсүүдө. Буга катар Кыргызстан ЭКУ өлкөлөрү менен транзиттик ташуулар боюнча алкактык макулдашууларга ылайык ишин улантат.

Т. Текебаев бул багытта бир топ маселелерди көтүрүп, ой-пикир сунуштарын ортого салды. Өзгөчө ал ЭКУга кирген мамлекеттердин эл аралык макулдашууларынын алкагында деңизге чыга албаган өлкөлөргө транспорттук инфраструктурага үзгүлтүксүз жетүүнү камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

Т. Текебаев бул форумда «Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран» темир жол транспорттук коридорунун долбоорунун техникалык маселелер боюнча жумушчу тобуна кыргыз тарап активдүү катышып жатканын бирок тилекке каршы, тараптардын биргелешкен аракеттерине карабастан, ири тоннадагы контейнерлерди ташуу боюнча пилоттук контейнердик поездди ишке киргизүү, ташылуучу жүктөрдүн көлөмүнүн аз болгонуна байланыштуу ишке ашпай жатканына токтолду.

Ошону менен бирге ал, 2023-жылдын 9 айында Ирандын Бендер-Аббас – Түркмөнстан – Өзбекстан-Кыргызстан порту аркылуу 33 047 тонналык 648 жүк жүктөлгөн вагон ташылганына жана Транспорт жана темир жол каттамдарынын өнүгүшү үчүн биринчи кезекте өлкөлөр ортосунда өз ара түшүнүшүүгө жетишүү жана бул каттамдар боюнча жетиштүү көлөмдөгү жүктөрдү биргелешип тартуу керектигин белгиледи.

 

Т. Текебаев “ автоташуулар үчүн E- permit уруксат бланктардын электрондук алмашуусун уюштуруу боюнча ченемдик-укуктук базаны даярдап жатабыз. Эске салсак, 2022-жылдын 28-октябрында Ташкент шаарында Өзбекстан менен Түркиянын ортосунда E-permit уруксат бланктарын электрондук алмашуу системасы сунушталган жана биздин министрлик да бул системаны киргизүүгө кызыкдарбыз”,-деди.