mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Таза  Мурас” акциясынын алкагында өткөн жалпы республикалыс ишембилике Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жалпы эмгек жамааты   Тилек Текебаевдин жетекчилиги алдында  активдүү  ишембилике катышты.

“Таза  Мурас” акциясынын алкагында өткөн жалпы республикалыс ишембилике Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жалпы эмгек жамааты   Тилек Текебаевдин жетекчилиги алдында  активдүү  ишембилике катышты.

Ишембиликтин алкагында Бишкек шаарынын борбордук көчөсүн бойлой, БЧКдан айланып өтүүчү жолго чейин белгиленген жерди тиешелүү иретке келтирип, башкача айтканда, таштандыларды, күзгү жалбырактарды тазалап,  таштандыларды унаа менен алып чыгышты.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев ишембиликтин жүрүшүндө белгилегендей, “Манас” аэропортунан Кыргызстандын борборуна баруучу бул каттам – өлкөбүздүн дарбазасы. Бул жерде канчалык деңгээлде тиешелүү тартип жана тазалык орнотулган болсо, биздин өлкө тууралуу меймандарда жакшы пикир калыптанат.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башчысы ошондой эле “Таза Мурас” акциясынын алкагындагы массалык ишембиликке активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук уюмдарынын коллективдери Транспорт министрлигине бекитилген аймакты тазалоого активдүү катышышты.


КР ТжКМнин басма сөз кызматы