Таш-Көмүр, Аксы автожолунда пайда болгон аң-чөнөктөрдү аба ырайынын шарты жакшыраары менен оңдолот.
- 401 просм.
“Таш-Көмүр-Кызыл-Жар-12” автомобиль жолу, анын жалпы узундугу 28 км аралыкты түзөт. Учурда аталган жол “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №38-жол тейлөө мекемесинин балансында турат.
“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №38-жол тейлөө мекемеси 2022-жылдын планында жалпысынан 15 км жолго асфальт катмарын төшөө иштерин пландаган, ошондон улам бюджеттин эсебинен 6 км автожолго, “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу курулуш объектилердин тизмесиндеги 2,9 км (138,8 км — 148,7 км) автожолго асфальт төшөгөн, азыркы учурда бардыгы болуп 8,9 км автожолго асфальт төшөө жумуштары аткарылды.
Бирок аталган жолдун 140,0 км аралыгындагы асфальт төшөлгөн бөлүктөгү болжол менен 30,0 м2 автожолдо кемчилик пайда болгону белгилүү.
Учурда төшөлгөн асфальт катмарын экспертизадан өткөрүүгө, атайын керн алынууда.
Белгилей кетчү жагдай, орточо оңдоп-түзөө жумуштарынын эсебинен төшөлгөн асфальт катмарына аткаруучуга 3 жылдык кепилдик берилген, ошону менен, №38-жол тейлөө мекемеси бул кемчиликти аба ырайынын шарты жакшыраары менен оңдой тургандыгын билдиребиз.
КР ТжКМ басма сөз кызматы