mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Таластагы мекеме согуштун ардагери Николай атаны Жеңиш майрамына карата куттукташты

Бүгүн, 7-майда Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Талас аймактык башкармалыгы жүк ташуучу автобазада көп жылдар бою жетектеп эмгектенген Золин Николай Андреевичти куттукташты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын жетекчиси Канай Керимбеков билдирди.

«Бул адам биздин арабызда тирүү легенда. Николай Андреевич Союз убагында жүк ташучу автобазада жетекчи болуп иштеген. Транспорт министрлиги жана агенттиги тарабынан 9-майга карата 10 миң сом акчалай белектерди алып барып тапшырдык. Ардагерибиздин жана жубайынын акыбалы жакшы», — деди ал.