mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Т. Текебаев  КРдин Катар  мамлекетиндеги элчиси М. Нуралиев  менен жолугушту

Алгач министр Марат Нуралиевди Кыргыз Республикасынын Катар мамлекетиндеги Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердигинде ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ал өз сөзүндө “Сиздин дайындалышыңыз менен Кыргыз Республикасы менен Катар мамлекети ортосундагы транспорт тармагындагы кызматташтык натыйжалуу жана ийгиликтүү болуп, биздин биргелешкен милдеттерибиз өлкөбүздүн жана элибиздин жыргалчылыгы үчүн чечилерине ишенебиз”, — деди.

         Жолугушуунун жүрүшүндө Тилек Текебаев КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги темир жол курулушу, автотранспорт жана жол куруу тармактарында бир катар долбоорлорду ишке ашырууга даярдык көрүү боюнча жигердүү иштеп жатканына токтолуп, долбоорлордун презентацияларын берди. Аталган долбоорлор боюнча Катар мамлекетинен инвестиция тартууга үмүттөнөөрүн белгилеп, көмөк көрсөтүүнү суранды.

         Сөз кезегинде М. Нуралиев Катар мамлекети Кыргызстандагы ири долбоорлор боюнча кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Ал автомобиль, темир жол транспорту жана жол куруу тармактарындагы министрлик сунуштаган ар бир долбоор ишке ашарына ишенерин баса белгилеп, тиешелүү иш алып бара тургандыгын билдирди.