mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түрк мамлекеттер уюмунун транспорт министрлеринин жетинчи жыйыны жемиштүү жыйынтыкталды

16-17-ноябрь күндөрү Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев баштаган ведомствонун кызматкерлери Азербайжандын Зангелан жана Баку шаарларында болуп өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун транспорт министрлеринин жетинчи жыйынына катышты.

Жыйында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында транспорт тармагын мындан да ары өнүктүрүү, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, транспорттук  инфраструктураны жакшыртуу маселелери талкууланды.

Иш-чаранын соңунда Түрк мамлекеттер уюмунун транспорт министрлеринин жетинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен Коммюникеге кол коюлду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы