mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түп-Кеген жана Каркыра-Турук-Сары-Жаз унаа жолдору: Аткарылган жумуштар

2023-жылдын 10 айынын ичинде “Борбордук Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу Программасынын 3-Фазасы” (РКЖД БА-3) долбоорунун алкагында Түп-Кеген жана Каркыра-Турук-Сары-Жаз унаа жолдорунун участокторун реконструкциялоо боюнча жалпы 10 км асфальтбетондун төмөнкү катмары жана 2 км асфальтбетондун үстүңкү катмары төшөлдү.

Эки тилкеде пландаштырылган 87 суу түтүгүнүн 69у төшөлүп, 2 чакан көпүрөнүн курулуш иштери аяктады.
Аба ырайынын начарлашына жана жаан-чачынга байланыштуу 2023-жылдын 15-ноябрынан тартып эки участокто тең курулуш иштери кыш мезгилине карата токтотулду жана подрядчы тилкелерде кышкы тейлөөнү жүргүзүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы