mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндук-Түштүк унаажолунун курулуш иштери боюнча маалымат

2023-жылдын 17-августунда Балыкчы-Кочкор-Эпкин жана Эпкин-Башкууганды тилкелериндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышуу максатында бир катар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-тур уюштурулду. Учурда Эпкин-Башкууганды участогунда асфальт-бетондун үстүнкү катмары төшөлүүдө.
Дээрлик былтыркы жылдан бүгүнкү күнгө дейре, Башкууганды айылынан Эпкин айылына чейин 32 чакырым жолдун астыңкы катмары, 7 чакырым жолдун үстүнкү катмары төшөлгөн. Бүгүнкү күндө 124 түтүк курулуп бүтүп, 4 түтүктү куруу иштери жүрүүдө, бардыгы болуп план боюнча жалпы 124 түтүк каралган. Эпкин-Башкууганды долбоорун 2024-жылдын июль айында бүтүрүү пландалууда.
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаажолун куруунун алкагында Эпкин-Башкууганды жана Балыкчы-Кочкор-Эпкин унаажолунун участокторун реконструкциялоо долбоору боюнча негизги маалымат.
Ондогон жылдар бою кызмат кылып келген Бишкек-Ош жолу өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда үзгүлтүксүз жана туруктуу автотранспортту камсыз кылган жападан жалгыз кургактыктагы жол болуп келген, бирок 2010-жылдан бери гана альтернативдик байланышты түзүү маселеси көтөрүлүп келет.
Республиканын түндүк жана түштүк аймактарын байланыштырган альтернативдик жолду, өлкөнүн ичинде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу максатында, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун түзүү зарылчылыгы келип чыкты. Долбоор боюнча курулуш иштери 2014-жылы башталып, бүгүнкү күндө Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык, экономикалык жана социалдык мааниге ээ.
Бул жолдун курулушу транспорттук каттамдарды жана ошого жараша түштүк облустарынан Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарына жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуулардын баасын төмөндөтөт.
Курулуш аяктагандан кийин Кара-Кече көмүр кенине, Макмал алтын кенине, ошондой эле Камбар-Ата жана Тогуз-Торо ГЭСтеринин участокторуна жетүү жакшырат. Жол салынуучу райондор – Сузак, Тогуз-Торо, Жумгал, Кочкор райондору социалдык-экономикалык өнүгүүгө кошумча мүмкүнчүлүк алышат. Жолдун курулушу эл аралык жана ички туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле аймактардын ортосундагы сооданын көлөмүн жогорулатат.

Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү:
Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун курулушу, БАРЭК 1 жана 3 транспорт коридорлорун бириктирүү долбоору (89-159-км, Эпкин-Башкууганды участогу).
70 кмден 30,5 км төмөнкү катмар а/б жана 4,9 км СМА катмары төшөлгөн;
2023-жылдын 17-апрелинде Подрядчы 132-159-чакырымдарында а/б тротуардын төмөнкү катмарын төшөө иштерин баштаган. Айылдагы а/б ылдыйкы катмарын төшөө иштери аяктады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы