mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Эпкин-Башкууганды участогун реконструкциялоо” долбоору боюнча банктык кепилдиктин каражаттары кайтарылууда

2023-жылдын 14-июль күнү «Муганбанк» ААКсы Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Эпкин-Башкууганды участогун реконструкциялоо” долбоору боюнча аванстык төлөмдүн банктык кепилдигинин суммасын кайтарып берүүнүн алкагында КРдин Финансы министрлигинин казыналык эсебине 199,5 миң АКШ долларын которгон.
Эске салсак, КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин, министрлик, «Todini » компаниясы жана «Муганбанк» ААКсы ортосундагы үч тараптуу келишимдин алкагындагы милдеттенмелерге ылайык, 2023-жылдын 26-январында «Муганбанк» ААКсы 395,5 миң АКШ доллары өлчөмүндө алгачкы төлөмдү жүргүзгөн.
Ошентип, КРдин Финансы министрлигинин казыналык эсебине которулган каражаттардын жалпы суммасы 595 миң АКШ долларын түздү.
Бул маселе КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Т. К. Текебаевдин жеке көзөмөлүндө турган үчүн олуттуу жылыштарга жетишүүгө мүмкүн болду. Ошондой эле, маселенин чечилишине КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин «Муганбанк» ААКсынын өкүлдөрү менен болгон бир нече жолку жолугушууларынын жүрүшүндө жетишилген жыйынтыктар өбөлгө түздү.
2023-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги банк кепилдигинин 3,4 млн. доллар өлчөмүндөгү калган суммасын жабуу боюнча бардык зарыл иштерди улантат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы