mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (270-274-чакырым аралыгы) таш кулап, тазалоо иштери жүрүүдө

Тоо боорунан кулаган таштардын – көчкүнүн жалпы көлөмү 15 000 м3 түзөт. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын № 18 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

Жаратылыш кырсыгы 4-октябрга караган түнү катталган. Жабыркагандар жок. Учурда жолдун эки тарабында турган 25-30 чакты унаалар өткөрүлүп, тазалоо иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы