mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 159-183-чакырымын реконструкциялоо” долбоорунун (узундугу 24 чакырым, Дыйкан а. – Кызыл-Жылдыз а., 3-Фаза) курулуш иштери толугу менен аяктады

Подрядчы тарабынан долбоордук участоктун 159-183-чакырымдарында жол белгилерин орнотуу, жантаймаларды тазалоо жана бекемдөө боюнча иштер аткарылды. Мындан тышкары, жолду жарыктандыруу,  жашылдандыруу жана жол белгилерин (вертикалдуу жана горизонталдуу) чийүү иштери аяктады. Ошондой эле 2022-2023-жылдардагы кышкы мезгилден кийин аныкталган кемчиликтер четтетилди, тактап айтканда, асфальтбетон катмарындагы жаракалар жабылды, тротуарлар да кайра оңдолуп курулду, карьерлерди жана таштанды төгүүчү жерлерди рекультивациялоо иштери аяктады.

Бүгүнкү күндө  жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагында подрядчы тарабынан 24 чакырым жолдун астыңкы жана үстүңкү катмарына асфальтобетон төшөлүп, негизги жолго 53, ал эми съезддерге 31 суу өткөрүүчү түтүктүн, ошондой эле 2 көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталды.

Негизинен бардык курулуш иштери аяктады, дефекттик мөөнөт аяктагандан кийин, долбоордук участок эксплуатациялоочу уюмга өткөрүлүп берилет.

 

PS: Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору, узундугу 24 км,  Дыйкан а. – Кызыл-Жылдыз а., 3- Фаза

 

Узундугу:                                                    24км

Донору:                                                      Ислам өнүктүрүү банкы

Сауд өнүктүрүү фонду

Долбоордун суммасы:                              33,8 млн. АКШ доллары;

Насыя:                                                         32,0 млн. АКШ доллары;

КР МК бөлүгү:                                           1,8 млн. АКШ доллары

Консультанты:                                            «Сауди Тек-Спектрум»

(Саудовская Аравия/Ливан)

Подрядчысы:                                             «Мост Групп/Чайна Роуд энд Бридж Корп.»

Курулуш иштеринин мезгили:                  2020 — 2023 ж.

Калктуу конуштар: Дыйкан а., Байзак а., Чаек а., Кызыл-Жылдыз а. (айылдарда тротуар куруу каралган).