mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 159-183-чакырымын реконструкциялоо” долбоорунун (узундугу 24 чакырым, Дыйкан а. – Кызыл-Жылдыз а., 3- Фаза) алкагында аткарыла турган негизги курулуш иштери жыйынтыкталды

“Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 159-183-чакырымын реконструкциялоо” долбоорунун (узундугу 24 чакырым, Дыйкан а. – Кызыл-Жылдыз а., 3- Фаза) алкагында аткарыла турган негизги курулуш иштери жыйынтыкталды.

Азыркы учурда Подрядчы тарабынан жол белгилерин орнотуу, жашыл аянтчаларга айлана турган жерлерди аныктоо, Кызыл-Жылдыз айылында лотокторду коюу иштери жүрүүдө. Ошондой эле, суу өткөргүчтөрдүн кириш-чыгыштарын ылайыкташтыруу жана жарыктандыруу жумуштары аткарылууда. Мындан тышкары, жолдун 176-чакырымында тротуарды демонтаждоо жана куруу иштери жүрүүдө.

Жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагында Подрядчы тарабынан 24 чакырым жолдун астыңкы жана үстүңкү катмарына асфальтобетон төшөлүп, негизги жолго 53, ал эми съезддерге 31 суу өткөрүүчү түтүктүн, ошондой эле 2 көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, долбоор боюнча негизги иштер 2022-жылы жыйынтыкталган. Бул долбоордук участок кепилдик жоопкерчилик мезгилине ээ. Тагыраак айтканда, 2023-жылдын 15-ноябрына чейин жасалган жумуштун жыйынтыгында кемчиликтер аныкталса, аны оңдоо Подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы