mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолундагы Арал-Казарман бөлүгүнүн 254-255-чакырымында жалпы 1400м3 таш көчкүсү тазаланып, калган иштер уланууда

Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолундагы Арал-Казарман бөлүгүнүн 254-255-чакырым аралыгында тоодон таш түшүп, жол убактылуу жабылган.

Бул күнү 25 автоунаа ал жерден  өтө албай  калган. Бирок, жерине “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №18 Жол тейлөө мекемесинин 10чакты кызматкерлери жана атайын техникалар тартылган.

Алардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында, жол бир тараптуу ачылып,  унаалар өткөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө жаратылыш кырсыгы болгон жерде жалпысынан 1400м3 таш көчкүсү тазаланды. Ошондой эле, Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын 25-августундагы №258 буйругунун негизинде тазалоо иштери аяктаганга чейин  жол убактылуу жабылды.

Мындан сырткары, Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолуна Жумгал району тарабынан блок-пост коюлуп, МАИ кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.