mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун III фаза 159-183-чакырымын реконструкциялоо долбоорунун алкагында 13 км асфальтобетон жабуусу төшөө жана 44 суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулуш иштери аяктады. Ошондой эле эки көпүрөнүн жана 12 суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулуш иштери жүрүп жатат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун III фазасы, 159-183 чакырымын (Дыйкан-Кызыл жылдыз ) реконструкциялоо долбоорунун алкагында 13 км асфальтобетон жабуусу төшөө жана 44 суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулуш иштери аяктады. Ошондой эле эки көпүрөнүн жана 12 суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулуш иштери жүрүп жатат.
Долбоор участогунда толук масштабдуу курулуш иштери жүрүп жатат жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 2022-жылдын аягына чейин долбоор участогунда толугу менен асфальтобетон жабуусун бүткөрүү жана пайдаланууга берүү максатында бардык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Курулуш иштерине Подрядчы тарабынан 228 жумушчу мобилизацияланып, 92 жол-курулуш техникасы ишке тартылган. Бүгүнкү күндө аткарылган физикалык иштердин жалпы көлөмү 55% ды түзөт.

 

 

 

КР ТжКМ басма сөз кызматы