mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөөлөр мөөнөтүнөн мурда алынып, жол ачылды

Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөлүп, жол сызыктары чийилип, дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басуу жумуштары аяктады. Пландалган иштер мөөнөтүнөн мурда бүтүп, буга чейин киргизилген чектөөлөр 6-августка жетпей алынды.

Бардык унаалар 2-август, саат 16:00дон тарта тоннель аркылуу тоскоолдуксуз өтө баштады. Жакынкы күндөрү тоннелдин кирип-чыгыш жерлерин көрктөндүрүү иштери жүрөт. Бул учурда унаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт.

Белгилей кетсек, буга чейин тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилип, жол 26-июлдан 6-августка чейин 10 сааттан ашык жабыла турганы маалымдалган.

Акыркы жолу 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн тоннель быйыл Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен реконструкцияланып, жолуна асфальт төшөлдү. Бүгүнкү күнгө дейре тоннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо процесси, тоннелдин бетон плиталарын жана эски асфальтты сыйрып тазалоо иштери жүрдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы