mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу жол 10 сааттан ашык жабылат. График

Апта ичинде Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталат. Буга байланыштуу 26-июлдан баштап 6-августка чейин бардык унаалар үчүн каттам чектелет.

Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:
Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дон баштап 16:00го чейин,
Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дон баштап 16:00го чейин жабылат.
Ал эми борбор калааны көздөй — Бишкек-Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):
Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: эртең мененки саат 05:00дон баштап 16:00го чейин,
Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дон баштап 16:00го чейин жабык болот.

Бул күндөрү тоннелдин 2510 м жолу толугу менен асфальтталат. Убактылуу жаралган ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

Белгилей кетсек, акыркы жолу 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн тоннель быйыл Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен реконструкцияланып, жолуна асфальт төшөлүүдө. Бүгүнкү күнгө дейре тоннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо процесси жүрүп, тоннелдин бетон плиталары алмаштырылды. Азыркы тапта эски асфальтты сыйрып тазалоо иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы