mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуудагы тоннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр узартылды

Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы тоннелдин жолун жаңылоо иштерине байланыштуу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр узартылды. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабык болот.

Мындай чектөөлөр 26-июлга чейин киргизилет. Учурда тоннелдин эски асфальтын сыйрып, жаңы асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, тоннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо, сырдоо процесси аяктап, тоннелдин бетон плиталарын алмаштыруу жумуштары жыйынтыкталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы