mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелде жаралган тыгындын себеби

Кечээ, 12-июнь күнү Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичин суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Оңдоо иштерине байланыштуу суу өткөрүүчү түтүктөр кумга толуп, суу жолго жайылган. Маселе тез арада колго алынып, аймакты тейлеген жолчулар тарабынан түтүктөр тазаланып, суу кеткен.

Бирок, бүгүн кайрадан кечээки абал кайталанып, тиешелүү техникалардын жардамы менен тазалоо иштери жүрүүдө.

Суу өткөргөн эски түтүктө жаралган кемчиликтерге байланыштуу жол кызматкерлери тарабынан түтүктөрдү оңдоо иштери жүрүп жатат. Жумуштар аягына чыкса, кийин мындай көйгөй пайда болбойт.

Ал эми бүгүнкү Төө-Ашуудагы тыгын оңдоо жумуштарына байланыштуу жаралганын билдиребиз.

Белгилей кетсек, тоннелдин ичин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу унаардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилүүдө. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабылып жатканын дагы бир ирет айдоочулардын эсине салабыз. Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөп жатышат.

Ал эми тыгын бүгүн саат 14:00дон 16:00го чейин пайда болгон. Бул убакытта бекитилген график боюнча иштер аткарылган.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы