mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель: Оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып бүттү. Алдыда прожекторлорду орнотуу иштери жүрөт. Ал эми актоо, сырдоо процесси ортолоп, азыркы тапта тоннелдин түндүк тарабындагы бетон плиталарды алмаштыруу иштери кызуу жүрүүдө. Жогоруда айтылган жумуштар аяктары менен асфальт төшөө иштери башталат. Күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев элдин кайрылуусу менен Төө-Ашууга келип, оңдоо иштерин тездетүү тапшырмасын берген. Ведомство жетекчиси жерине барганда тоннелдин канализациясына таштанды толуп, суу акпай, айдоочуларга ыңгайсыздык жаралып жатканына күбө болгон. Маселе тезинен чечилип, кыска убакыттын ичинде калыбына келген.

Белгилей кетсек, тоннелдин ичин оңдоо иштерине байланыштуу унаардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилүүдө. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабылып жатканын дагы бир ирет айдоочулардын эсине салабыз. Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөп жатышат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы