mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашууда кар жаап, тазалоо иштери жүрүүдө… Ашуулардагы абал  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу) 125-136-чакырым аралыгында жааган карды тазалап, жолго инертүү материалдарды чачып жатышат.

Өлкөнүн башка ашууларында дагы абал ушундай. Жааган кар аймактарды тейлеген жолчулар тарабынан тазаланып жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

 

Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы