mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында тазалоо иштери толугу менен жүргүзүлүп, тайгаланууга каршы материалдар жолго чачылып, унаалардын өтүүсү камсыздалды.

2020-жылдын 3-октябрында Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында таңкы саат 6дан баштап калың кар жаап, натыйжада оор жүк ташуучу унаалардын кыймылы жайлап, айрым айдоочулардын чынжырлары жана кышкы дөңгөлөктөрү жок болгондуктан, тыгындар пайда болду.
Саат 07: 00дөн 07: 40ка чейин ДЭУ 23түн кызматкерлери карды тазалоо үчүн бардык жумуштарды аткарышты, учурда Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында тазалоо иштери толугу менен жүргүзүлүп, тайгаланууга каршы материалдар жолго чачылып, унаалардын өтүүсү камсыздалды.
Бардык категориядагы айдоочулардан дөңгөлөктөрдү өз убагында алмаштырып туруусун, аларды тайгакка каршы дөңгөлөктөрдүн чынжырлары менен жабдууну, ашуулардан өтүүдө сергек болууну, унаалардын ортосундагы аралыкты сактоону суранабыз. Ошондой эле, унаа тыгыны пайда болгон учурда, тилектештигиңизди билдирип, карама-каршы тилкеге чыкпаңыз, бул унаалардын тыгынын пайда болушуна түздөн-түз себепкер.
Учурда жолдо жүрүүнүн эң ыңгайлуу шарттарын түзүү иштери улантылууда. Тактап айтканда, Бишкек-Ош унаа жолунун ашуу участокторунда (Суусамыр өрөөнүндө) Транспорт министрлигинин жол кызматтары кар жана бороонго карабастан, жолду кардан жана муздан тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.