mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуу ашуусу аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин болот.

.КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №9 ДЭУнун башчысы Абдрахманов Мирбектин айтымында, 2022-жылдын 18-октябрында көп чакырымдык тыгындар болгон эмес, бирок Көлбаев атындагы Төө-Ашуу тоннелинин түндүк жана түштүк тарабындагы унаалардагы жүргүнчүлөрдү өткөрүүдө кыйынчылыктар жаралган.Себеби жайкы дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырбаган жеңил унаалар көйгөйлөрдү жаратып, ошого жараша башка унаалардын жүрүүсүнө да кыйынчылык жараткан.2022-жылдын 18-октябрында саат 17:15те Чүй облусундагы Сосновка транспорттук көзөмөл постунан жана Токтогул районунун Арал ПТБдан жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген. Чектөө киргизилгенге чейин өткөн жүк ташуучу унаалар да Төө-Ашуу ашуусунда жайгашкан унаалардын жүрүшүнө кыйынчылык жаратты. Белгилей кетсек, 2022-жылдын 18-октябрында саат 19:00 чамасында кечки саат 24кө чейин. 126-чакырымдан 129-чакырымга чейин, 132-чакырымдан 138-чакырымга чейин туннелдин түндүк жана түштүк тарабында кар күрткүсү байкалып, көрүүнүн начардыгынан унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жараткан. Жогоруда айтылган факторлордун бардыгы Төө-Ашуу ашуусунда пайда болгон тыгындарга таасирин тийгизген.Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №9 ДЭУнун жол кызмат керлери тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунун 114-чакырымынан 142-чакырымына чейин атайын техниканын жардамы менен күнү-түнү инерттүү материалдар менен жолду тазалоо иштери жүргүзүлдү. Мындан улам Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолдо бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөккө чынжыр жана күрөк менен жүрүүнү сунуштайт. Республикалык жолдордун ашуу тилкелеринде кар жааган учурда жол кызматтары күнү-түнү жолдогу карды кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдарды чачышууда. Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма ашуу тилкелеринде жана башка айдоочуларга кар түрүндө күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу жасалма жол кыймылын пайда кылбоо үчүн каршы тилкеге ​​чыгууга тыюу салынды. Себеби ал тыгындарды, ошондой эле атайын техниканын иштешине кыйынчылыктарды жаратат. Бул сактык чаралардын баары айдоочуларга кар жааганда жасалма тыгындарды жаратпоого жана ашууларда көп саат коротпоого жардам берет.Мындан тышкары, айдоочулар ашуу тилкелерине чыгууда аба ырайына кызыгып, катуу шамал тууралуу эскертүү жарыяланганда жолго чыкпоону суранат.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы