mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сузак-Кара-Дарыя жана Нефтепром-Үч-Мазар объектилерине Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинен 4 жумушчу, 1 автогрейдер жана 1 жүктөгүч тартылган

2021-жылдын 20-июлунда саат 17: 00-18: 00 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, айрым жерлерди жууп кетти. Сузак-Кара-Дарыя унаа жолунун жүрүүчү бөлүгүнүн 4 чакырымдан 12 чакырымга чейин, Нефтепром-Үч-Мазар 1 чакырымдан 3 чакырымга чейин, Барпы-Иири-Суу-Озгон 2 чакырымдан 7 чакырымга чейин, Маданият-Майлуу-Суу 12 чакырымдан 15 чакырымга чейин. Учурда Сузак-Кара-Дарыя жана Нефтепром-Үч-Мазар объектилерине 4 жумушчу, 1 автогрейдер жана 1 жүктөгүч тартылган.

Маданият-Майлуу-Суу унаа жолундагы табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн №22 ЖТМси Майлуу-Суу шаарынын мэриясына кошумча техникаларды тартуу боюнча өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жардам сурады.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы