mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда саат 13:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Азырка тапта Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдун 124-136-чакырым аралыгы тазаланып, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Өлкөнүн башка ашууларында жааган кар аймакты тейлеген жолчулар тарабынан дароо тазаланып, инерттүү материалдар себилип жатат.
Туруксуз аба ырайынан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы