mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Азырка тапта Бишкек-Ош унаа жолунун 125-138-чакырым аралыгында кар жаап жатат.

№9 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдорду кардан тазалоо жана кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Өлкөнүн башка жол жана ашууларында да кар жаап, аймакты тейлеген жолчулар тарабынан дароо тазаланып жатат.

Туруксуз аба ырайынан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы