mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-3 жаңы конушунун Э.Иманалиев көчөсүндө кум-шагыл жана асфалть төшөө иштери жүрүп жатат

Чүй облусунун Сокулук районунуна караштуу Ак-Ордо-3 жаңы конушунун Э.Иманалиев көчөсүн оңдоого 2022-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу курулуш обьектилеринин эсебинен 2,5 км аралыгына асфальт төшөө иштери каралып, учурда ЖЧК “Кыргызжолкурулуш” компаниясы тарабынан оңдоо иштери аткарылууда. Бул долбордун тапшрыкчысы (заказчик) катары КР Транспорт жана коммуникация министрлиги чыкты.
Бүгүнкү күндө Э.Иманалиев көчөсүнө астынкы катмарына туурасы 7 метр, узуну 0,5 км болгон асфальт төшөө иштеринин биринчи катмары бутту. Азыркы убакта жол туздөө жана кум-шагыл төшөө иштери жүруп жптат.
Былтыр, 21 ноябрда КР Президенти С.Жапаров Ак-Ордо конушунун Э.Иманалиев атындагы көчөнү асфальтоо боюнча тапшырма берилген.Былтыр жер жумуштары башталган бирок аба-ырайы суук болгондуктан иштер тототулуп быйыл уланууда.

КР ТжКМ басма сөз кызматы