mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-3 жаңы конушунун Э.Иманалиев көчөсүндө асфалть төшөө иштери жүрүп жатат

 

Чүй облусунун Сокулук районунуна караштуу Ак-Ордо-3 жаңы конушунун Э.Иманалиев көчөсүн оңдоого 2022-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу курулуш обьектилеринин эсебинен 2,5 км аралыгына асфальт төшөө иштери каралып, учурда ЖЧК “Кыргызжолкурулуш” компаниясы тарабынан асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул долбордун тапшрыкчысы (заказчик) катары КР Транспорт жана коммуникация министрлиги чыкты.
Бүгүнкү күндө Э.Иманалиев көчөсүнө туурасы 7 метр, узуну 1 км 560 м болгон биринчи катмар асфальт төшөө иштери аткарылды. Азыркы убакта жол туздөө, кум-шагыл жана асфалть төшөө иштери жүруп жатат.
Былтыр, 21 ноябрда КР Президенти С.Жапаров Ак-Ордо конушунун Э.Иманалиев атындагы көчөнү асфальтоо боюнча тапшырма берилген.Былтыр жер жумуштары башталган бирок аба-ырайы суук болгондуктан иштер тототулуп быйыл уланууда.
КР ТжКМ басма сөз кызматы