mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ш-Баткен-Исфана (Раззаков) автожолун реабилитациялоо (28-км75) боюнча Япониянын тендерине катышуудан баш тартуунун негизги себептеринин бири Украинадагы аскердик жаңжалга байланыштуу кырдаал болду.

Ош-Баткен-Исфана (Раззаков) автожолун реабилитациялоо (28-км75) боюнча Япониянын тендерине катышуудан баш тартуунун негизги себептеринин бири Украинадагы аскердик жаңжалга байланыштуу кырдаал болду.
Маалым болгондой, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан Ош-Баткен-Исфана (Раззаков) автожолун реабилитациялоого (28-чакырым 75) кредиттик каражат бөлүнгөн. Кредит жапон иенинде берилет. Оңдолуп жаткан жол үчүнчү техникалык категорияга ээ.

Тендерге катышуудан баш тартуунун негизги себептеринин бири Украинадагы аскердик жаңжалга байланыштуу кырдаалдан кийин, JICA тарабынан тендердик документтерди бекитүү процедурасынын бүтүшү, япониялык компаниялардын арасынан башкы подрядчыны тандоо боюнча тендер жарыяланган, Бул JICAнын талабы болчу.

2022-жылдын 8-августунда, тендердик документтер ачылган күнү, бир дагы жапон компаниясы тендерге билдирме берген эмес. Жапон компанияларынын катышпай калышынын себептерин аныктоонун жүрүшүндө тендерге катышуудан баш тартуунун негизги себептеринин бири Украинадагы аскерий жаңжалга байланыштуу кырдаал экени белгилүү болду. Натыйжада Россия Федерациясынын темир жолдору менен материалдарды жана жабдууларды пландуу ташуу КНРдин аймагы аркылуу ишке ашырылууга тийиш.

КЭРнын порттору, темир жолдору жана автомобиль жолдору COVID-19дан кийин ашыкча тыгынга учураган, бул жүктөрдү ташуудагы чоң кечиктирүүгө алып келет, бул акыр аягында автожолдун курулушунун убактысынын чоюлушуна лып келет.

Аскердик жаңжалдын фонунда курулуштун жана күйүүчү-майлоочу майдын баасы да өсүп жатат.

Мындан тышкары, билдирүүгө Караганда, дуйнөлүк рынокто жапон иенасынын интенсивдуу арзандашы япондук ишканалардын тендерге катышуудан баш тартуусунун дагы бир себеби болуп калды.

Реконструкцияланган Ош-Баткен-Исфана (Раззаков) унаа жолунун боюндагы тосмолорду жана турак жайларды бузуп, башка жерге көчүрүү иштери жергиликтүү бийликтин демилгеси менен жүргүзүлдү. Долбоордо турак жайларды бузуу каралган эмес.

Министрлик учурда JICA агенттиги менен курулуш иштерин жүргүзүү үчүн подрядчыны тандоо процессин жөнөкөйлөтүү жана тездетүү боюнча активдүү иш алып барууда. Буга катар эле Япония өкмөтү менен жергиликтүү подрядчиктердин тендерге катышуусун бекитүү боюнча кызуу иштер жүрүп жатат.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы