mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сары-Кыр ашуусунда жол ачылып, бир тараптуу каттам берилди

Казарман-Жалал-Абад жолунун Сары-Кыр ашуусунда (0-52-чакырым аралыгы) кар жана жер көчкүнү тазалоо иштери жүрүүдө. Учурда бир тараптуу каттам берилди.  Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №18 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, Сары-Кыр ашуусу жыл сайын октябрь айынан майга дейре жабык болот. Учурда жолду кардан жана жер көчкүдөн тазалоо үчүн жеринде 2 автогрейдер, 1 жүктөгүч жана онго чукул кызматкерлер иштеп жатышат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы