mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Салмак-габаритти көзөмөлдөө пункттарын күтүүсүз текшерүү уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев “Маловодное” салмак-габаритти көзөмөлдөө пункттун күтүүсүз текшерди. Айттырбай келген министрдин орун басары Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин постто иштеген кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө, тиешелүү кагаздардын туура толтурулушуна көз салып, күн ысыкта жолго чыккан оор жүк ташуучу унааларга карата көрүлгөн чараларга кызыкты.

Кызматкерлерди өз милдетин так аткарып, адилеттүү, калыс, жоопкерчиликтүү жана жаман ойдон алыс болууга чакырган министрдин орун басары кандайдыр бир бузуулар катталса, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертип өттү.
Ырысбек Бариев министр Тилек Текебаев посттордо коррупциялык схемаларды жок кылуу үчүн укук коргоо органдарынын аракетин кубаттай турганын билдирип, жетекчилик тараптан дагы көзөмөл күчөтүлүп, санариптештирүү иштери уланарын белгиледи.

Текшерүүнүн жүрүшүндө министрдин орун басары күн ысыкта жолго чыгып, токтотулган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын арыз-муңун укту. Ал бул чаралар жолдордун талкаланышын алдын алуу максатында киргизилгенин билдирип, эгерде кандайдыр бир мыйзам бузууларга күбө боло турган болушса, жеке билдирип коюу үчүн уюлдук номурун калтырды.
Мындан тышкары, коррупция иштери боюнча КРдин ТжКМдин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдукахар Ибрагимов коррупцияга каршы күрөшүү жаатында жасалган жана алдыда пландалган жумуштар туурасында кенен маалымат берди. Ал эми күтүүсүз текшерүүгө катышкан министрдин кеңешчиси Мурат Соорбеков, “келечекте электрондук таразага өткөрүү планда бар, азыркы учурда көзөмөлдү күчөтүү боюнча жаңы мыйзам иштелип, КРдин Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлгөн” деген пикирин билдирип, министрдин атайын тапшырмасы менен келгенин белгиледи.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча 20дан ашык салмак-габаритти көзөмөлдөө посттору иштейт. Транспорт каражаттарын көзөмөлдөөнү жакшыртуу жана андагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында мындай күтүүсүз текшерүүлөр байма-бай жүргүзүлүп келет.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы