mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Рыбачье-Жел-Арык темир жол участогунда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Рыбачье-Жел-Арык темир жол участогунда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат. Оор жүк ташуучу автомашиналар жана автокран тартылып, темир жолу тазаланды. Ушул сааттарга чейин темир жолу аркылуу 30 жүк ташуучу вагондор өткөрүлдү. Калыбына келтирүү иштери уланмакчы. Кырсык болгон жерде «Кыргыз темир жолу» ишканасынын тийиштүү кызматтары өз жумуштарын аткарып жатышат.

Эске салсак: Аталган участокто 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кеткен.
Учурда кырсыктын себептери такталууда жана темир жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.

Кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок.

Басма сөз кызматы