mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Республиканын ашууларындагы жолдор тазаланууда

Бишкек-Ош автожолунун 132 км 146 км тилкеси кардан тазаланып, кум себилди. Ошондой эле тоннелдин ичинде тазалоо иштери жүргүзүлдү, унаалар үчүн жол ачык.
Нарын-Оруктам жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды .
Суусамыр-Талас-Тараз автожолундагы «Өтмөк» ашуусунда, Бишкек-Ош жолундагы «Алабел» ашуусунда, Ош-Сарыташ автожолундагы «Талдык» ашуусунда, Каракол-Энилчек автожолунун «Чон-Ашуу» ашуусунда карлар тазаланып, атайын инерттүү материалдар себилди.
Жолду тазалоо үчүн атайын техника тартылган, ошондой эле жолчулар зарыл болгон инерттүү материалдар менен камсыздалышкан.