Республикалык бюджеттин эсебинен Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 13 чакырым бөлүгүн капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери башталды.
- 906 просм.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов менен биргеликте Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (28 км-35 км, 41 км-47 км) участкаларын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча ишке киргизди.
Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаевдин 2023-жылдын 28-февралындагы “Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун участокторун (28 км – 35 км, 41 км – 47 км) капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө» буйругуна ылайык, жер иштери жолдун жогорудагы бөлүгүндө башталды. Тактап айтканда, «Кыргызавтожол» МИнин №37 ЖТИнын күчтөрү учурдагы жолдун 33+800-чакырымынан 34+000-чакырымына чейин (сол тарабында) жараксыз топурактарды казуу үчүн таштанды төгүүчү жайга чейин казууга киришти. Ошол эле учурда, «Ош-Баткен-Исфана автожолунун 28-чакырымынан 75-чакырымына чейинки бөлүгүн реабилитациялоо» компоненти боюнча эл аралык консультант тарабынан сунушталган долбоорду ишке ашыруунун графиги сакталса, анда Эл аралык жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча (КР) -Р4) Подрядчы менен келишим 2023-жылдын 4-кварталында гана түзүлүшү мүмкүн. Ушуга байланыштуу долбоорго уруксат пакетин даярдоо жана учурдагы сезондун башталышы менен курулуш иштерин баштоо боюнча бардык процедураларды тездетүү боюнча иш-чаралардын планын кылдаттык менен иштеп чыгуу зарыл болду.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы